Пресс-борбор

Депутат: жай жашоодо башка өлкөлөрдүн Россияга терс мамилеси байкалган жок

Ал Россияны саясий упай топтоп, таанымал болгусу келген шоумендер гана "тепкилөөгө" аракет кылып жатканын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россияга карата башка мамлекеттердин жай турмуш деңгээлинде терс мамилеси байкалган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын төрагасынын орун басары Борис Чернышов Sputnik аянтчасында өткөн видеокөпүрөнүн алкагында билдирген.
Анын айтымында, Россиянын дарегине айыптоочу жана мазактаган саясат көптөн бери жүргүзүлүп келе жатат.
"Европадагы, Батыштагы элдин көбү муну көргөн эмес", — деген Чернышев.
Ал башкалар күчтүүлөргө гана кол сала турганын белгилеген.
Мамлекеттик думанын төрагасынын орун басары башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Германия, Франциянын депутаттары менен байланышып турарын айтып, алардын баары муну түшүнбөй турганын кошумчалаган.
"Болгону ал жактагы адамдар артынан түшүп, кубалап жиберет деп коркуп жатышат. Аларды да түшүнсө болот. Жай турмуш деңгээлинде Россияга, биздин мамлетке негативдүү мамиле байкалган жок", — деген депутат.
Ал Россияны саясий упай топтоп, таанымал болгусу келген шоумендер гана "тепкилөөгө" аракет кылып жатканын кошумчалаган.