Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сабырыбызды сынабагыла! Россиянын Украина, Батыш өлкөлөрүнө эскертүүсү

Захарова РФтин Коргоо министрлиги чагымчылдыкка катуу жооп болорун буга чейин билдиргенин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россиянын объектилерине сокку уруу менен катар Украинанын мындан аркы чагымчыл иштерине РФ катуу жооп бериши ыктымал. Бул тууралуу Россиянын ТИМ өкүлү Мария Захарованын айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
"Киев жана Батыш өлкөлөрү биздин мамлекеттин Коргоо министрлигинин "Украинанын мындан аркы чагымчылдыгына Россия катуу жооп берет" деген билдирүүсүн олуттуу кабыл алса жакшы болмок. Жинибизге тийип, сабырыбыз менен ойнобоого чакырам", — деди Захарова.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украина аскердик аракеттерди Россиянын аймагына өткөрүү же өткөрбөөнү өзү чечиши керектигин айткан. Ал Россиянын аймагындагы аскердик аракеттер өзүнчө иш экенин белгилеген.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Блинкен: Киев аскердик аракеттерди РФ аймагына өткөрүү же өткөрбөөнү өзү чечет