БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ДЭРдин инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн аэромобилдик топ жибергенин аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Россия ӨКМинин аэромобилдик тобу Донецк Эл Республикасынын (ДЭР) инфраструктурасынын объектилерин жана экономикасын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлдү. Топко ӨКМдин Куткаруу борборунан 100дөн ашуун адис кирген. Алар менен кошо 35 техника жеткирилди. Куткаруучулар зарыл болгон жабдуулар, шаймандар менен камсыздалган. Жакныкы арада мындай иштер Луганск Эл Республикасында башталат", — деп айтылган маалыматта.
Донбасстын бошотулган аймактарында ӨКМдин саперлору миналарды залалсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатышат. "Лидер" борборунун адистери эки республикада 90 гектарга чукул жерди карап чыгышкан.
Андан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ДЭРдин гуманитардык миссиясы сууну комплекстүү тазалоо жана санитардык иштерди жүргүзгөн машиналарды жеткирген.
ӨКМ үч күн мурда автоколонна менен эки республикага жана Украинага жалпы көлөмү 600 тонналык гуманитардык жардам жөнөттү. Алар негизинен суу, тамак-аш, дары-дармек жана тиричиликке зарыл болгон биринчи муктаждыктагы буюмдар.
Мындан сырткары, Россиянын Курулуш жана турак жай коммуналдык чарба министрлиги Мариуполь шаарын калыбына келтирүүгө жардам берүү ниетинде экендигин аталган ведомствонун жетекчиси Ирек Файзуллин билдирген.
Аткаминер алгач изилдөө иштери жүрүп, анан пландоо иштери жүрө тургандыгын белгиледи.