Эмчек рагына кабылган аялдарга биопсия, химия жасоо зарылдыгы тууралуу айтсаң көбү жаа бою качып, чочулашат. Анткени маалыматы жок. Ошондуктан мындай бейтаптар менен психологдор да тыгыз иштешүүсү зарыл экенин Кыял Макиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ракка чалдыккан кишинин дарылануу этаптарында жакындарынын моралдык колдоосу абдан маанилүү.
"Биздин дарыгерлер залалдуу шишикке чалдыгып аны жаңы эле уккан бейтап менен бетме-бет жалгыз калышат. Бул маалыматты ал адам кандай кабыл алат, жакындарынын мамилеси кандай болот, балким, үйүндө башка да көйгөйлөр бардыр, мындай жагдайлар эске алынуусу керек. Ал үчүн адамга рак диагнозу коюлган соң аны менен психологдор да тыгыз иштешсе жакшы болмок. Тилекке каршы, бул көрүнүш бизде жок. Ошондуктан дарыгер өзү психолог, өзү кеңешчи, жубатуучу, колдоочу, тынчтандыруучу, айтор, баарынын ордун басып калат. Дарыгер бейтаптын психологиялык абалы менен эмес, анын дарты менен терең алектениши керек да. Ошондой эле бейтап үчүн бул учурда анын жакындарынын мамилеси да абдан маанилүү. Бизде көп учурда, тескерисинче, туугандары ыйлап-сыктап, коркуу, чочулоо сезимдеринин пайда болушун шартташат. Ал тургай "жолдошума айтпагыла, таштап кетет" деген учурлар кездешет", — деди Макиева.
Дарыгер өз убагында кайрылса залалдуу шишиктен арылуу мүмкүнчүлүгү жогору болорун кошумчалады.