Ош шаарына кошумча электр тармактар ишканасы курулат. Сүрөт

Аталган ишкананы куруу максаты — Ош шаарынын элин электр энергиясы менен сапаттуу камсыз кылуу.
Sputnik
ОШ, 28-апр. — Sputnik. Ош шаарында "Батыш РЭТ" имаратынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу "Ош электр" ишканасынан кабарлады.
1 / 3

Ош шаарында "Батыш РЭТ" имаратынын пайдубалына капсула салынды

2 / 3

Аталган ишкананы куруу максаты — Ош шаарынын элин электр энергиясы менен сапаттуу камсыз кылуу

3 / 3

Иш-чарага энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, жергиликтүү бийлик, энергетика тармагынын ардагерлери жана "Ош электр" ишканасынын кызматкерлери катышкан.

Аталган ишкананы куруу максаты — Ош шаарынын элин электр энергиясы менен сапаттуу камсыз кылуу.
Иш-чарага энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, жергиликтүү бийлик, энергетика тармагынын ардагерлери жана "Ош электр" ишканасынын кызматкерлери катышкан.
"Бекмурзаев Ош шаары үчүн бул райондук электр тармактар маанилүү экенин белгиледи. Ош шаарында 110/35/10кВ сааттык "Барсбек" жана Өзгөн районундагы Кароол айыл аймагында 220/110/10кВ сааттык "Исанов" көмөкчү чордонунун курулуш иштери башталганын айтты. Жогорудагы бардык курулуш иштери "Ош электр" жана "Кыргызстан Улуттук электр тармактар" ААКтын өзүнүн каражатына курулуп жатканын белгиледи", — деп айтылган кабарда.
Маалымат үчүн: Ош райондук электр тармактары 1967-жылы түптөлүп, шаардын чыгыш тарабында Турсунбаева көчөсүндө жайгашкан. Ал эми шаардын экинчи райондук электр тармагы Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндө курулмакчы.
CASA-1000: Кыргызстанда кубаттуулугу 500 кВт электр чубалгысы тартылып жатат. Сүрөт