БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Эгерде сизден кимдир бирөө опузалап акча талап кылса, УКМКга кайрылсаңыз болот.
"Укук коргоо органдарынын кызматкериби, аткаминерби же уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүбү, айырмасы жок. Бардык учурда бизге кайрылсаңыз болот", — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Мындай кайрылуулар боюнча УКМКнын кабылдамасы 0 (312) 66-04-75, 62-65-04 номерлери аркылуу иштейт.