Кыргызстанга кирүүдө ПЦР-тест менен вакцинанын сертификаты талап кылынбайт

Мындай эреже Кыргызстандын аймаганы транспорттун бардык түрү менен киргендер үчүн иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. 1-майдан тарта Кыргызстанга кирүүдө ПЦР-тест талап кылынбайт. Бул тууралуу өкмөттөн билдирди.
Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирустун Кыргызстанда жайылышына каршы күрөшүү ыкчам штабынын жыйынын өткөргөн.
"Чогулуштун жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигине тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте 1-майдан тарта өлкө аймагына келген кыргызстандыктар менен чет элдик жарандардан ПЦР-тесттин жыйынтыгы менен вакцина алгандыгы тууралуу сертификатты талап кылуу эрежесин жоюу тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Мындай эреже Кыргызстандын аймагына транспорттун бардык түрү менен киргендер үчүн иштейт. Мындан тышкары, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө калкка вакцина алуу боюнча кампания жүргүзүү тапшырылды.
Өлкө ооруканаларында COVID-19дан дарыланган бейтап калган жок