Видеокөпүрө: КМШ өлкөлөрүндөгү элдик чыгармачылык жана маданий мурастар жылы

Иш-чара бейшемби, 28-апрель күнү, саат 16:00дө онлайн форматта болот. Түз эфир Sputnik Кыргызстан маалымат борборунун "Вконтакте" баракчасында жана маалымат агенттиктин сайтында көрсөтүлөт.
Sputnik
Анда Россия жана КМШ мамлекеттеринин маданий мурастарына жарандардын кызыгуусун арттыруу, орус тили менен тарыхый эстеликти сактоо тууралуу кеп болот. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгынын алдында биргелешкен долбоорлор да талкууланат.
Бишкектеги катышуучулар:
Шайкидинов Аскар Токторбекович — Кыргызстан жаштар конгрессинин төрагасы;
Чернышов Борис Александрович — Мамлекеттик думанын төрагасынын орун басары;
Максимович Валентина Федоровна — Россиянын элдик искусство жогорку мектебинин президенти;
Еракина Елена Александровна — "Улуу элдердин маданий коду" долбоорунун насаатчысы;
Солонкин Александр Викторович — Мамлекеттик думанын алдындагы Жаштар парламентинин маданият боюнча эксперттик кеңешинин төрагасы;
Минскиден:
Товстыко Алексей Викторович — Минск облустук депутаттар кеңешинин алдындагы Жаштар парламентинин төрагасы.