Индия Россияга жан тартып АКШны таң калтырды

Украинадагы окуяларга баа берүүдө Вашингтон менен Нью-Делинин ортосунда пикир келишпестик чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Индия Россияга каршы санкция киргизүүдөн баш тартып АКШны таң калтырды. Бул тууралуу Asia Times басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Украинадагы окуяларга баа берүүдө Вашингтон менен Нью-Делинин ортосундагы пикир келишпестик Россия, Индия жана Кытайдын жакындашып жатканынан кабар берет.
"АКШнын санкцияларын колдоонун ордуна Индия Россия менен рубль жана рупий түрүндө соода кылуу чечимин кабыл алып, жаңы инвестициялык механизмдер боюнча план иштеп чыкты", — деп айтылат макалада.
Автор Украина кризиси Индияга Америка менен достук жарылып кетчү бомбадай эле кооптуу экенин көрсөтүп койгонун кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык дипломат БУУ жыйынында Украинаны денацификациялоо аягына чыгарын айтты