Жакында ички авиакаттамдардын санын көбөйтүү пландалууда

Төрөбаев жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы жакынкы күндөрү ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлө турганын билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөргөн. Ага тармактык мамлекеттик органдардын жана ата мекендик авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышкан.
Төрөбаев транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевге өлкө ичиндеги авиакаттамдарды көбөйтүү тапшырмасын берген. Ошондой эле кыргызстандык авиакомпанияларды Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө учууга тыюу салынган кара тизмеден чыгаруу боюнча иштерди күчөтүүнү буйруган.
Пресс-борбор
Бишкекте көп ярустуу 47 машина токтотуучу жай куруу пландалууда