БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Гуманитардык колонна Белгороддун жанында Украина тараптын аткылоосуна кабылды. Бул туурасында РИА Новости ыктыярчылардын маалыматына таянып кабарлады.
"Орус православ чиркөөсү жана "Внуки" коомдук уюму чогулткан жардамды кечээ Харьков облусуна жеткирип, кайтып келе жатканда кабылышкан", — деп айтып берген агенттикке аталган уюмдун өкүлү Алена Березовская. Атуу болгон учурда ал колоннада болгон.
Березовскаянын айтымында, шаршемби күнү "Внуки" гуманитардык миссиясынын ыктыярчылары "Патриарший доброволец" (Орус проваслав чиркөөсү) менен биргеликте Журавлевка поселогунда минометтук аткылоого кабылган.
"Биз турак үйлөргө жана талаага түшкөнүн көрдүк. Кээ бир кадрларды видеого тартып алууга мүмкүн болду", — деп агенттикке айтып берген ал.