БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Эркиндик проспектинин бир жагына гана автоунаалардын токтошуна уруксат берилген. Бул туурасында Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айтып берди.
Анын айтымына караганда, проспект акыркы күндөрү эл эс алган жерден автоунаа токтотуучу жайга айланып кеткен.
"Биз бир жагына гана токтоого уруксат берип, акимчиликтин эки кызматкерин бекиттик. Алар бир нече ирет туура эмес токтотулган автоунааларды тизмектеп, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкка жиберишет. Тагыраагы, ал күнү автоунаа кечке чейин ошол жерде турат, эч ким "жылдыр, алып кет" деп эскертпейт. Бирок эртеси айдоочуга айып пул туурасында маалымат келет. Борборго келген шаардыктарды автокөлүгүн Чүй проспектинин алдыңкы бөлүгүнө, Тыныстанов көчөсүнүн алды жагына, "Сейтек" борборунун, "Кыргыз алтындын" айланасына токтотууну суранабыз. Өкмөт үйүнүн жанында автоунаа токтотуучу ири жай бар", — деди аким.
Аткаминерге "Киев көчөсүн жөө жүргөндөрдүн көчөсү кылуу пландалып жатабы?" деген суроо берилди. Аким электробустар үчүн бир тилкени калтырып, калганын жөө жүргөндөргө ылайыктоо варианты сунушталып жаткандыгын билдирди.