Радио

Жумаков: "Электрондук соода жөнүндө" мыйзамдын пайдасын пандемияда көрдүк

Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Жылдызбек Жумаков 2022-жылы 18-январда жаңы Салык кодекси кабыл алынгандыктан "Электрондук соода жөнүндө" мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууга туура келгенин айтты.
Sputnik
Экономика жана коммерция министрлиги "Электрондук соода жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, коомдук талкууга койду. Мыйзам долбоорунун негизги милдети — жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы маалыматтык, коммуникациялык технологиялар менен жүзөгө ашырылып келе жаткан соода алакасын жөнгө салуу. Бул тууралуу Жылдызбек Жумаков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Электрондук соода жөнүндө" мыйзам долбоору 21 беренеден турат.
"Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен 2018-2021-жылдары жумушчу топ түзүлүп (мамлекеттик уюмдар, бизнес өкүлчүлүктөрү), "Электрондук соода жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыккан. Документ Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары тарабынан кабыл алынган. 2021-жылдын 22-декабрында президент кол коюп, 154-номер менен бекитилди. Мыйзам долбоору алты айдан соң күчүнө кирет. "Электрондук соода жөнүндө" мыйзам Орто Азияда биринчилерден болуп Кыргызстанда кабыл алынып жатат. Биз аталган долбоорду БУУнун Россия Илимдер академиясынын түштүк илимий борборунун мыйзамынын негизинде иштеп чыктык. "Электрондук соода жөнүндө" мыйзам бизге коронавирус пандемиясы учурунда абдан керек болду. Анткени ошол учурда көп ишкерлер электрондук соодага өттү. Мыйзам долбоорунун негизги милдети — жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы маалыматтык, коммуникациялык технологиялар менен жүзөгө ашырылып келе жаткан соода чөйрөсүндөгү мамилелелерди жөнгө салуу. 2022-жылы 18-январда жаңы Салык кодекси кабыл алынгандыктан мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууга туура келди. Салык, Жарандык жана Эреже бузуулар кодексинин негизинде "Электрондук соода жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, коомдук талкууга коюлду", — деди Жумаков.
Ал мыйзамда электрондук сооданын принциптери, анын катышуучуларынын укуктары жана милдеттери, электрондук документтерди жана билдирүүлөрдү коргоо, сактоо эрежелери көрсөтүлгөнүн кошумчалады.