Пресс-борбор

Эксперт Украинадагы кризис кайсы процесстер үчүн кайырмак болгонун айтып берди

Адис Украинадагы окуяларды Советтер Союзунун урашынын кесепети катары эсептебей турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Эл аралык мамилелер контекстинде Украинадагы кризистин ролу кандай экенин Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, экономика илимдеринин доктору, Москва мамлекеттик институтунун эл аралык мамилелер боюнча профессору Алексей Кузнецов билдирди. Ал Sputnik агенттигинде өткөн видео көпүрөгө катышты.
Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, экономика илимдеринин доктору, Москва мамлекеттик институтунун эл аралык мамилелер боюнча профессору Алексей Кузнецов
Кузнецовдун айтымында, Украинадагы окуялар көптөн бери бышып жетилип келе жаткан процесстерге кайырмак болуп берди.
"Бул процесстерге мүнөздөмө берсе болот. Биринчиден, дүйнөлүк тартип талкаланды, экинчиден, АКШ менен анын жакынкы европалык өнөктөштөрү глобалдык экономика жаатындагы абсолюттук лидерлик позициядан кетти. Азия мамлекеттеринин өнүгүшү, көпчүлүк мамлекеттердин полицентризмдин негизине таянуу менен глобалдык тартипке умтулушу — бул узак мөөнөттүү тренд болуп саналат", — деди Кузнецов.
Ал ошондой эле Украинадагы окуялар Советтер Союзунун урашынын кесепети катары эсептебей турганын белгиледи. Эксперттин пикиринде, 2000-жылдардын соңунда СССР урагандан кийинки кыйынчылыктар артта калган. Ал эми 2010-жылдан кийин башталган нерселер — бул НАТОнун чыгышты көздөй кеңейүүсүнүн кесепети.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык дипломат БУУ жыйынында Украинаны денацификациялоо аягына чыгарын айтты