БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын акыркы эки күнүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, бул жуманын этегинде айрым жерлерде күн ачык болсо, кээ бир аймактарда жаан, тоолуу жерлерге кар жаашы ыктымал. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас облустары
Ишемби, 30-апрелде, түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Жекшемби, 1-майда, жаан жаабайт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Оштун айрым аймактарында ишембиде жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Тоолуу жерлерде кар түшүүсү мүмкүн. Бирок айрым райондорунда жаан жаабайт. Жекшемби, 1-майда, жаан-чачын күтүлбөйт.
Ишембиде Жалал-Абад менен Баткен облусунун тоолуу аймактарында дагы кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-майда күн ачык болору божомолдонду. Абанын температурасы 30 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.
Нарын, Ысык-Көл облустары
Ысык-Көлдө аптанын акыркы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 23 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн.
Нарында 30-апрелде кээ бир аймактарында жаан жаашы ыктымал. Жекшембиде күн ачык болуп, абанын температурасы 23 градуска чейин жылый турганы кошумчаланады.