Пресс-борбор

Мэр: Бишкекке жыл соңуна чейин 500 заманбап автобус алынат

Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, борбор калаага 1,5 миң чоң автобус керек.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин Бишкекке 500 заманбап автобус алып келинет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Жетекчи буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров айткан 2 миң автобус тууралуу түшүндүрмө берди.
"2 миң автобус болбойт. Мен өзүм бул маселе менен алектенип жатам. 120 электробус боюнча тендер өтүп, ратификацияланды. Газ менен жүрүүчү 140 автобус дагы алынат. Ошондой эле көп орундуу 100 автобус алуу боюнча келишим түзүлгөнү жатат. Андан тышкары, 100дөн ашык автобуска каражат бөлүнөт. Жалпысынан жыл аягына чейин 500дүн тегерегиндеги автобус ала алабыз", — деди мэр.
Анын айтымында, борбор калаага 1,5 миң чоң автобус керек.
Бишкек мэри өлкөдө өндүрүлгөн автобустар кымбат экенин айтып, алуудан баш тартты