Пресс-борбор

Мэр "Өлбөс полк" жүрүшү Бишкекте өтөрүн билдирди

Мэрден быйыл борбор калаада "Өлбөс полк" жүрүшүнүн өтөр-өтпөсүн сурашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Өлбөс полк" жүрүшү Бишкек шаарында кадимки калыбында өтөт. Бул туурасында калаа башчысы Эмил Абдыкадыров Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде айтты.
Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров
Мэрден быйыл борбор калаада "Өлбөс полк" жүрүшүнүн өтөр-өтпөсүн сурашкан.
"Ооба, "Өлбөс полкко" эч ким тыюу салган эмес. Ал бизде салт катары өтөт. Соңку эки жылда онлайн тартибинде жасалса, быйыл кадимки калыбында болот", — деп жооп берди мэр.
Кечээ "Өлбөс полк — Кыргызстан" акциясынын координаторлору Зульфира Хайбуллина (Бишкек) жана Алена Смирнова (Ош) акцияны быйыл өткөрүү боюнча чечим чыгаруу өтүнүчү менен шаар бийлигине кайрылышканын билдиришкен.
Эки кыргызстандык Москвада "Өлбөс полктун" эл аралык сахнасында ырдайт