Пресс-борбор

Бишкек мэри жаңы кичи район салыш үчүн өкмөттөн 200-300 гектар жер сурады

Шаар башчысынын жер маселеси боюнча министрлер кабинетинин башчысы менен сүйлөшүп жатканы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын башчысы Эмил Абдыкадыров министрлер кабинетинен жаңы кичи район куруу үчүн 200-300 гектар жер сурап жатат. Бул туурасында ал өзү Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында айтты.
Мэр жер маселеси боюнча министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп жатканын да айткан.
Абдыкадыров "кризиске кептебеш үчүн башаламан курулуштарды токтотуу" керектигин белгиледи.
Бишкек шаарынын башчысы Эмил Абдыкадыров
"Элестетип көрсөңүздөр, эки кабаттуу имараттын ордуна 15 кабаттуусу курулууда. Муну токтотуу зарыл, болбосо канализация тармактары көтөрө албайт. Министрлер кабинетинин башчысы менен учурда 200-300 гектар жер бөлдүрүү туурасында сүйлөшүп жатабыз. Ушул документке түзөтүү киргизиш керек. Келгиле, башкы планга ылайык келген жаңы кичи район куралы. Маселенин баарын камтып, кардиналдуу жана принципиалдуу чечиш керек", — деген мэр.
Ал жаңы кичи районду куруу үчүн анча жерди кайдан тапса болорун айткан жок.
Пресс-борбор
Бишкекте көп ярустуу 47 машина токтотуучу жай куруу пландалууда