Пресс-борбор

Шаардыктар жумушка качан автобус менен бара баштайт? Мэрдин жообу

Шаар жетекчиси автобустарды сатып алуу үчүн кандай иштер аткарылып жатканын айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкекте экологиялык коомдук транспорт пайда болгондо гана шаардыктарды автобус менен жүрүүгө чакыра алабыз. Бул тууралуу мэр Эмил Абдыкадыров Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров
Анын айтымында, эртең менен түштүк жактан түндүктү көздөй жумушка бара жаткандар көп болгондуктан автотыгын жаралууда. Кечинде дагы ошондой эле көрүнүш. Мындан тышкары, шаардыктар эртең менен жумушка келип, кечке чейин машинасын бир жерге токтотуп коет. Бул дагы тыгынды жаратып жатканы айтылды.
Мэр белгилегендей, жыл соңунда 500 автобус сатып алуу үчүн донорлор менен бийликтен каражат алуу пландалып жатат. Жаңы транспорттордун маршруту да чечилип калган.
"Эгер экологиялык жактан таза, газ менен жүргөн транспортторду же электробустарды көп санда сатып алып шарт түзө алсак, шаардыктарды жумушка коомдук транспорт менен барууга чакыра баштайбыз", — деди мэр.
Журналисттер мэрден 2000 автобус боюнча маалыматты тактап коюуну өтүнүштү.
"2000 даана алынбайт. Мен бул маселени өзүм карап жатам. 120 электробус сатып алабыз. Бул үчүн тендер менен ратификация өттү. Мындан тышкары, газ менен жүргөн 140 автобус дагы келет. Жакынкы аралыкта заманбап 100 автобус алууга келишим түзгөнү жатабыз. Өкмөт 100 же 200 автобус алуу үчүн каражат бөлүүнү пландап жатат. Болжол менен жыл соңуна чейин 500 автобус келиши керек", — деди Абдыкадыров.
Мэрдин айтымында, борбор калаага 1,5 миң даана автобус керек.
Калаа башчысы бийликтин буга чейинки Казакстандан автобус алуу планына комментарий берип жатып, коңшу өлкөдө автобустар чогултуларын эске салды. Ал ошондой эле келишимди ортомчулар менен эмес, заводдун өзү менен түзүү керектигин белгиледи.
Пресс-борбор
Бишкек мэри заводдон мурун таштанды линиясы куруларын айтты