Пресс-борбор

Бишкекте көп ярустуу 47 машина токтотуучу жай куруу пландалууда

Абдыкадыров бизнесмендерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында иш алып барууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Борбор калаага 47 көп ярустуу машина токтотуучу жай куруу пландалып жатканын мэр Эмилбек Абдыкадыров Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров
Анын айтымында, жолдорду кеңейтүү эффективдүү кадам эмес экени аныкталды. Себеби жолдун эки четине айдоочулар автоунаасын токтотуп койгондуктан жол баары бир тарып калууда. Буга байланыштуу автокөлүк токтотуучу жайларды куруу маселеси чыгып жатат.
"Биз көп ярустуу 47 машина токтотуучу жай курууну пландап жатабыз. Анын төрт кабаты жер алдында, 5-6 кабаты жер үстүндө болмокчу", — деди мэр.
Бишкектин борбордук бөлүгүндө бир катар май куйган жайлар бар. Алар эрежелерди бузуу менен үйлөрдүн жанына курулуп калган. Мэр бул компаниялардын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшкөнүн айтты. Ага ылайык, алар май куюучу жайларды алып салып, ордуна көп ярустуу машина токтотуучу жай курушат. Учурда долбоордун үстүндө иш жүрүүдө жана бул компаниялар бирден объект курушу керек. Мэрдин айтымында, жер алдындагы унаа токтотуучу жайларга акы төлөнөт.
Калаа башчысы өткөн жылы машина токтотуучу жайлардан 12,5 миллион сом түшкөнүн айтып, бул сумма аздык кыларын белгиледи. Ошондой эле мындай жайларды ижарага берүү пландалууда. Ишкерлердин бири бул үчүн 40 миллион сом сунуштаган, учурда шарт-талабы иштелип жатат.
Абдыкадыров бизнесмендерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында иш алып барууга чакырды.
Пресс-борбор
Шаардыктар жумушка качан автобус менен бара баштайт? Мэрдин жообу