Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова: Батыштын Украинага берген куралы террорчуларга өтүп кетиши мүмкүн

Өткөн аптада АКШ президенти Жо Байден Украинага 800 миллион долларга бааланган аскердик жардам берерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Батыштын Украинага берген курал-жарагы Сириядагыдай эле террорчулардын колуна өтүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москвада өткөн брифинг учурунда айтканын РИА Новости жазды.
"Батыш тараптан сириялык оппозицияга деп жеткирилген курал "мыйзамсыз базарда" сатылып, "Ислам мамлекетинин"* террорчуларынын колуна түшкөн. Азыркы Украинадагы окуя дал ошого окшошуп турат. Биз болгону Украина Сириянын тагдырын кайталап калбасын деп жатабыз", — деди ал.
Россия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Өткөн аптада АКШ президенти Жо Байден Украинага 800 миллион долларлык аскердик жардам берерин айткан. Негизи эле Россия бийлиги АКШ менен Евробиримдикти Украинага курал жеткирип жатканы үчүн бир нече жолу сындап, Батыштын бул жаңжалга түздөн-түз тиешеси бар деп айтып келет.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ жарандары Украинага курал жөнөтүлүп жатканына нааразы болууда