Бейшеналиев Жапаровдун ден соолугу начарлашына эмне себеп болгонун айтты

Өкмөт башчы учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы орточо туруктуу.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттигине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ооруканага жаткырылышы боюнча маалымат берди.
Буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы Жапаров бүгүн эртең менен Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна түшкөнүн билдирген.
Бейшеналиевдин айтымында, өкмөт башчы ооруканага муздак тер чыгып, аба жетпей деми кысылып, жүрөгү ооруп жана кан басымы төмөн абалда келген.
"Миокард инфарктына шек санаганбыз, ага биринчи диагноз "Инфаркт алдындагы абал, жүрөк-кан тамыр спазмасы" деп коюлган. Электрокардиография жана эхокардиография процедуралары жасалганда диагнозун биле албадык. Коронарография жүрөк-кан тамырларында спазма бар экенин көрсөттү, бирок инфаркт жок. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы орточо туруктуу. Ден соолугунун начарлашына самолетто узак убакыт учуп катуу чарчап калганы себеп болушу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз", — деди министр.
Бейшеналиев министрлер кабинетинин төрагасы эртең же бүрсүгүнү президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканага которула турганын кошумчалады.
Эске салсак, Акылбек Жапаров жакында эле АКШга иш сапары менен барып келген.
Кыргызстандын премьер-министри алмашабы? Президент Жапаровдун билдирүүсү