БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Түркия тарап менен "Байрактар" учкучсуз аппараттарын Тажикстанга сатпоо боюнча сүйлөшөбүз. Бул туурасында тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев билдирди.
Учурда парламентте анын министрлик кызматка талапкерлиги каралып жатат. Жыйында депутат Мирлан Самыйкожо суроо берди.
Алардын диалогу төмөндөгүдөй болду:
Самыйкожо: — Түрк тилдүү элдердин кеңешинде биз (Кыргызстан) барбызбы?
Кулубаев: — Биз толук мүчөсүбүз да.
— Тажикстан мүчөбү?
— Тажикстан кирбейт ал жакка.
— Түркия Тажикстанга "Байрактарды" жөнөттү деген маалымат социалдык тармактарга чыкты. Ушунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
— Биз азыр элчиликке жана башка органдарга тапшырма берип тактап жатабыз. Бирок мурун түрк тарапка "этияттагыла, ортобузда көйгөйлөр чечиле элек, ошон үчүн "Байрактарды" бизден башка кошуналарга саткандан абайлаңыздар" деп айтканбыз. Бирок алар "бул бизнес, аскердик техниканы сатуу өсө берет" деп жатат. Толук маалымат алгандан кийин түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.
— Негизи бул чындыкпы же чындык эмеспи?
— Азырынча чындык, бирок канча суммада алганын тактап жатабыз.
— Буга кылдат карашыбыз керек. Өтө чоң маселе бар, аны жакшы билесиздер. Бул эмнеден кабар бере турганынан да маалымат алышыбыз керек.