Кулубаев экс-министр Казакбаевге ТИМден жумуш берилерин айтты

Казакбаев ден соолугун карап эс алып алуу үчүн бир-эки ай убакыт берүүнү өтүнгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге башка жактан жумуш карап беребиз. Бул тууралуу ТИМ башчылыгына бараткан Жээнбек Кулубаев парламентте билдирди.
Анын айтымында, Казакбаевди кызматтан кетерде президент өзү кабыл алып сүйлөшкөн. Экс-министр ден соолугун карап эс алайын деп бир-эки ай убакыт берүүнү суранган.
"Биз ага тышкы саясат жаатында иш карап бергенге даярбыз. Эс алгандан кийин келсе, жумуш беребиз", — деди Кулубаев.
Ошондой эле ал мурдагы министрдин ишин улантып кете турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-апрель күнү кызматтан бошотулган.
Таалатбек Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болду