Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Аскер полициясы жаш бүлөгө Харьковдон чыгып кетүүгө жардам берди. Видео

Үй ээси күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирип, Россияда калуу ниетин билдирген.
Sputnik
Россиянын Аскер полициясы жаш балдары бар үй-бүлөгө Харьков шаарынан Россиянын аймагына чыгып кетүүгө жардам берди.
Бүлө жашаган район Украинанын Куралдуу күчтөрү жана улутчул батальондору тарабынан байма-бай аткыланып турган. Коопсуз жашоо үчүн үй ээси россиялык аскер кызматкерлерине жардам сурап кайрылган.
"Чоң рахмат! Паспортумду кайтарып, аман калуубузга жардам беришти. Адамча жашоо үчүн Россияга жетүүгө көмөк көрсөтүштү. Россияда калууну чечтик, жарандык алып, иштей баштайм. Бул жакта бала бакча, мектеп, жумуш бар. Үйгө кайткым келген жок", — деди үй ээси Тарас.
Ушу тапта Украинада башка өлкөлөргө чыгып кеткен жай тургундар арбыды.