Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Гутерриш менен жолукту. Сүйлөшүүнүн урунттуу учурлары

Путин БУУ менен Кызыл ай уюмуна украиналык туткундар кандай шартта кармалып турганын көрүп кетүүнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Шейшемби, 26-апрель күнү, Кремлде Россия президенти Владимир Путин менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин жолугушуусу өттү.
Россия лидери бир катар билдирүү жасады. Маанилүү учурларын тизмектейбиз:
Россия Донбасстагы адамдардын геноцидин токтотуу үчүн ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болду;
Минск келишими тынчтык жолу менен жөнгө салууга өбөлгө түзгөн, бирок аскердик басым жасалып, Донбасс блокадада калып калды;
Россия жаңжал дипломатиялык макулдашуулар менен чечилишине үмүт артат;
Киев Крым жана Донбасс боюнча маселелерди мамлекет башчылардын деңгээлинде талкуулоону сунуштады. Бирок коопсуздук кепилдиги боюнча макулдашуу жок бир чечим кабыл алууга болбойт;
Россия айрым өлкөлөрдүн дооматын таң калуу менен карап жатат;
Биз Бучада ким, эмне кылганын билебиз.
Путин БУУ менен Кызыл ай уюмуна украиналык туткундар кандай шартта кармалып турганын көрүп кетүүнү сунуштады.
Гутерриш гуманитардык коридор боюнча маселе чечилбей жатканын айтты. Путин жооп берип, ага жаңылыш маалымат жеткирилгенин, учурда коридор иштеп жатканын билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Гутерришке: Россия аргасы түгөнгөндө Украинада атайын операциясын баштады