Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыш чагылгандай тез жооп алат. Путин азыркы абал тууралуу

Владимир Путин Донбасстагы атайын операциянын бардык тапшырмалары аткарыларын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Мыйзам чыгаруучулар кеңешинде сөз сүйлөдү.
Төмөндө Россия лидеринин сөзүнүн урунттуу учурлары берилди:
Россия эң татаал чакырыктарга жана коркунучтарга адекваттуу жооп берип, бардык сыноолордон ишенимдүү өтөт;
Донбасстагы атайын операциянын бардык тапшырмалары аткарылат;
Россияны экономикалык жактан муунтуу пландары ишке ашпай калды;
Батыш украин элин кол жоолук катары колдонуп жатат;
Украинада неонацисттер жана чет элдик жалданма аскерлер барган сайын көбөйүүдө;
Украинанын аймагында Батыш биологиялык лабораторияларын жайгаштырганы, өлкөнү заманбап куралдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну көздөгөнү ырасталган;
Эгер сырттан кимдир бирөө Украинадагы кырдаалга кийлигишип стратегиялык коркунучтарды жарата баштаса, чагылгандай тез жооп алат. Бул үчүн Россияда эч ким мактана албаган инструменттер бар;
Россия Батыштын мыйзамсыз санкцияларынын соккусуна туруштук берип, мизин кайтарды;
Батышка Россиядай эгемендүү жана зор өлкөнүн кереги жок;
Өлкөдөгү бийликтин жалгыз булагы — Россия Федерациясынын эли;
Батыш Россияны бурчка сүрүп койгусу келди, бирок максатына жеткен жок.
Путин ошондой эле парламентке пенсияларды жана бардык социалдык төлөмдөрдү индексациялоо механизмдерин иштеп чыгууну, ал эми өкмөткө антикризистик чараларды жөнгө салууну улантууну тапшырды. Мындан тышкары, мамлекет башчысы бизнеске жана экономиканын негизги тармактарына колдоо көрсөтүүнү убада кылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Батыш украин элин жөн гана колдонуп жатат