Парламент Жээнбек Кулубаевди тышкы иштер министри кызматына бекитти

Кулубаев буга чейин президенттин тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Жээнбек Кулубаевди тышкы иштер министри кызматына бекитти.
Анын талапкерлигин 71 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон жок.
Андан соң Кулубаев депутаттардын ишенимин актоого жана жыйында айтылган сунуштарды ишке ашырууга аракет кыларын убадалады.
Белгилей кетсек, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-апрель күнү кызматтан бошотулган. Президент анын ордуна Жээнбек Кулубаевди алып келген, кызматка толук дайындоо үчүн парламенттин макулдугу талап кылынат.
Кулубаев буга чейин президенттин тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.
"Кабар" маалымат агенттигине Медербек Шерметалиев жетекчи болуп дайындалды