“Өлбөс полктун” Кыргызстандагы координаторлору Бишкек мэриясына кайрылышты

Акциянын уюштуруучулары быйылкы жүрүштүн чоо-жайы тууралуу шаар бийлигинен азырынча жооп ала электигин билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. “Өлбөс полк — Кыргызстан” акциясынын координаторлору Зульфира Хайбуллина (Бишкек) жана Алена Смирнова (Ош) акцияны быйыл өткөрүү боюнча чечим чыгаруу өтүнүчү менен шаар бийлигине кайрылышкан.

"Өлбөс полк жөө жүрүшү боюнча Бишкек мэриясынын, шаардык кеңештин жана башка тиешелүү органдардын чечимин күтүп жатабыз. Убактысы жана орду, жүрүштүн шарттары тууралуу маалымат, тилекке каршы, азырынча бизге келе элек”, — деп жазылат “Өлбөс полк – Кыргызстандын” социалдык тармактардагы баракчаларынын биринде.

Координаторлор белгилегендей, акциянын катышуучулары улутуна, географиялык, саясий жебашка негиздер боюнча бөлүнбөйт.
"363 300 кыргызстандык фронтко аттанган. Ошол жылдарга ылайык эсептегенде республиканын ар биртөртүнчү тургуну согушка аттанган. Чолпонбай Түлөбердиевдин, башка баатырлардын эрдиги, атактуу Панфилов дивизиясы, жүз миңдеген аталарыбыздын элеси эсибизде. Нацизмди жана фашизмди жеңиш үчүн өмүрүн берген 27 000 000 адамды бизэскеришибиз керек”, — деп айтылат билдирүүдө.
Акциянын уюштуруучулары аныөткөрүү үчүн чечим чыгарып берүүсүн күтүп жатышат. Эгер шаар бийлиги баш тартып койсо, себебин түшүндүрүшү керек деген оюнкошумчалашты.
Эки кыргызстандык Москвада "Өлбөс полктун" эл аралык сахнасында ырдайт