Майдагы эс алуу күндөрүнө карата мектеп окуучуларынын графиги кандай өзгөрдү?

Министрликтин маалыматына караганда, мектеп окуучулары ушул ишембиде сабакка барышат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги келе жаткан май айындагы майрам күндөрүнө карата мектеп окуучуларынын эс алуусу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык мектептин окуучулары 1-майдан 9-майга чейин эс алышат. Бул мамлекеттик бала бакчаларга дагы тиешелүү.
Беш күндүк окуу жумасы менен иштеген билим берүү жайларынын 4-майга пландалган окуусу 30-апрелге, 6-майдыкы 14-майга жылдырылат. Бул ишемби күндөргө туура келет.
Мындан тышкары, мектептин администрациялары 2, 3, 5 жана 9-майда өтүлүшү керек болгон сабактарды расписаниеге кошо кетүүгө милдеттүү.
Беш күндүк тартип менен иштеген жеке билим берүү жайларына министрликтин токтомуна ылайык окуу процессин уюштуруу сунушталат.
Маалымат борбор
Айрым мугалимдердин кошумча акысы кыскартылабы? Министрликтин жообу