Президенттин маалымат катчысы: Кыргызстандын ЖККУдан чыгуу ниети жок

Султанбаев кыргызстандыктарды жалган жана чагымчыл маалыматтарды таркатуудан оолак болуп, расмий булактарга ишенүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстан ЖККУдан чыгуу жана НАТОго кирүү маселесин карап жатат деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат боюнча президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берди.
"Кыргызстан ЖККУдан чыгуу жана НАТОго кирүү маселесин карап жатат" делген маалымат чындыкка дал келбейт”, — деди ал.
Ошондой эле кыргызстандыктарды жалган жана чагымчыл маалыматтарды таркатуудан оолак болуп, расмий булактарга ишенүүгө чакырды.
Орозо айт майрамдалбайбы? Президенттин маалымат катчысынын түшүндүрмөсү