Түстүү металл чыккан жерде сөзсүз түрдө башка дагы баалуу кен болот. Кумтөрдө алтын казууда радиоактивдүү элементтер да болушу мүмкүн. Муну уктап жаткан ажыдаар десек болот. Мындай пикирин Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кумтөр алтын кенинде ай сайын биологиялык, химиялык жана метео анализдер жүргүзүлүп турушу зарыл.
"Кумтөр алтын кени өлкөгө олуттуу экологиялык көйгөй калтырып кетүүдө. Кенди шахталык жол менен эмес, үстүнөн казуу оңой болгондуктан, алар бизге эми 50 жылда да толтура албагыдай аң калтырып кетишти. Мен ошол аңды Каракол шаарынан чыккан таштандыны төгүп, толтурууну сунуштадым эле. Албетте. бул бир заматта эле ишке аша калчу маселе эмес. Бирок Кытайдагыдай кылып аңды толтуруп, үстүн жашыл зонага айландырып койсок экологиялык коркунуч азаймак. Жаратылыштын мыйзамында кен түгөнүүчү байлык, бак-дарак, жан-жаныбар кайра калыбына келүүчү байлык, ал эми суу жана жер түбөлүктүү байлык деп эсептелет. Ушул эле суу байлыгыбызга да Кумтөрдөн алтын казуунун кесепети тийди. Алар 30 жыл бою мөңгүлөрдүн астындагы сууну алтын жууганга колдонуп жатышты. Эмне деген суулар кетти, мөңгүлөрдүн абалы ичинен алып караганда кандай болуп калды, мунун баары азыр бизге белгисиз бойдон турат. Ошондой эле түстүү металл казылган жерде сөзсүз түрдө башка да элементтер болот. Алардын арасында кооптуусу жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан эми Кумтөр айланасында ай сайын химиялык, биологиялык жана метео анализдер тыкыр жүргүзүлүп турушу зарыл", — деди Эшенгулов.
Ал кен казуу иштерине инвестициялык көз карашта эмес, биринчи кезекте экологиялык жагынан маани берүү зарылдыгын кошумчалады.