Радио

Турсуналиева: креативдүү экономиканы колдоо — бул чыгармачылыкты колдоо

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жасалган аракеттер тууралуу айтып берди.
Sputnik
Креативдүү экономиканы колдоо — адамдын чыгармачылык потенциалын колдоо жана аны жогорулатуу. Бул тууралуу Ырыс Турсуналиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, креативдүү экономика өлкөдө мамлекет тарабынан колдоого алынууда.
"21-апрелде президент тарабынан креативдүү экономикага тиешелүү жарлыкка кол коюлду. Ошондой эле 2026-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн программасында дагы бул тармак камтылган. Анда чыгармачыл, жаратман адамдарга колдоо көрсөтүп, өнүктүрүүгө шарттарды түзүү каралган. Креативдүү индустрия өкүлдөрү катары музыка, IT, театр, архитектура, дизайн, жарнама, ЖМК, кол өнөрчүлүк жаатындагы адистер болуп жалпы 12 тармак эсептелет. Алардын продукцияларынын интеллектуалдык менчиги корголуп, суроо-талапка ээ болушу зарыл. Креативдүү экономиканы колдоо адамдын чыгармачылык потенциалын колдоо жана аны жогорулатуу болуп саналат. Учурда аталган тармакты баалоо боюнча методология иштелип чыкты. Эми креативдүү экономиканын ички дүң продукциядагы үлүшү аныкталат", — деди Турсуналиева.
Ошондой эле ал креативдүү экономиканын жумушсуздукту жоюудагы ролу чоң экенин кошумчалады.