Конор Макгрегордун качан кармашка чыгары айтылды

Өткөн жайда Макгрегор Дастин Порье менен беттешип жатканда буту сынган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Лиганын эки категория боюнча экс-чемпиону Конор Макгрегор октагонго кеч күзгө жетпей кайтып келет. Бул тууралуу UFC жетекчиси Дана Уайт BJ Penn басылмасына берген маегинде айткан.
Аралаш мушташ боюнча ирландиялык спортчу 22 ирет жеңип, алты жолу утулган. Буга чейин ал жеңил жана жарым жеңил салмакта UFC уюмунун чемпиондук курунун ээси болчу.
"Учурда ал үчүн абсолюттук эч нерсе жок, бирок жайга карата баары өзгөрүп да кетиши мүмкүн. Дарыгерлер Макгрегорго октагонго чыкканга уруксат бергенде аны менен беттеше турган талапкерлерди карай баштайбыз. Эгерде баары жакшы болсо эрте күзгө ылайыктап жатабыз", — деген ал.
Өткөн жайда Макрегор Лас-Вегаста UFC уюмунун 264-турниринде америкалык спортчу Дастин Порье менен кармашып жатып, биринчи раунддун аяк ченинде бутун кызыл ашыктын үстүнөн сындырып алган. Дарыгерлер кармашты улантууга уруксат берген эмес да калыстар жеңишти Порьеге ыйгарган.
Макгрегордун Порье менен таймашта сынган бутуна операция жасалды