БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Киев режими Вашингтондун рупоруна айланып, АКШ ал аркылуу Европа өлкөлөрүнө жана саясатчыларына коркутуп-үркүтүүлөрдү жолдоп жатат. Мындай пикирин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Учурда АКШ менен НАТОго тиешелүү бардык ЖМКлар Киев режимине болгон аянтчаларын берип, ээн-эркин коюп койду. Ошол эле учурда Вашингтон бардык фейк материалдарын, коркутуу жана шантаждарын Украина аркылуу коомчулукка жарыялап жатат. Ал эми Киев өзүн жеңилгис күч катары элестетип алган", — деди Захарова.
Ошондой эле ТИМ өкүлү Украина жакында эле башка принципти карманып келгенин эске салды.
"Украина өзүн европалык мамлекет экенин айтып, өз жашоосунун негизги идеясын, маданиятын жана тарыхын толугу менен өзгөртүүгө аракет кылып жаткан. Баарын нөлдөн баштоого багыт алышкан. Европа менен бирге жогорку гуманисттик идеалдарга, эркиндикке, демократияга, адам укуктарынын сакталышына жетебиз дешкен", — деди ал.
Захарова бүгүн бул "бийик максаттар" тууралуу сөздөрдүн артында башка нерселер турганын кошумчалады.
"Чындыгында бул жөн гана мыкаачылык, максатка жетүү үчүн бардык нерсеге даяр болуу эле. Бул "бийик максаттарды" Киев режими эмес, алар үчүн АКШ аныктап берген. Өзүнүн көз карандысыздыгы Киевге жөн гана иллюзия", — деди Захарова.
Сөзүнүн аягында ТИМ өкүлү АКШнын негизги максаты Украина президенти Владимир Зеленскийди Европа саясатчыларына каршы тукуруу болушу мүмкүн экенин билдирди.