Орозо айт майрамдалбайбы? Президенттин маалымат катчысынын түшүндүрмөсү

Быйыл Орозо айт 2-майга белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Орозо айтты майрамдоого жана ага карата мал союуга тыюу салынат деп интернетте тараган маалымат боюнча президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берди.
"Социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого жана ага карата мал союуга тыюу салынат деген маанидеги аудиожазуулар тарады. Бул маалымат чындыкка туура келбейт жана чагымчылык кылуу аракети экенин айтар элем. Мындай маалымат тараткандарды коомчулуктун башын айландырбоого чакырып, бул үчүн мыйзам чегинде жооп берерин эске салам", — деди Султанбаев.
Эске салсак, Орозо айт 2-майга белгиленген.
Садыр Жапаров журналисттер менен оппозицияга кайрылды