БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. РИА Новости Focus.de. басылмасына таянып боор оорусунан кабар берген төрт белги тууралуу жазды.
Адистердин айтымында, боор ооруп жатканын дароо байкоо мүмкүн эмес. Бирок тизмедеги төрт белги бул органда кандайдыр бир көйгөй бар экенин көрсөтүшү ыктымал.
Маалым болгондой, боорго спирт ичимдиги, майлуу тамак жана вирустук илдеттер терс таасирин тийгизет.
"Боор ооруганда зааранын өңү өзгөрүп, көздүн ичи саргара баштайт. Зааранын түсүнүн өзгөрүшү спирт ичимдигин көп колдонгондон болсо, көздүн саргарышы гепатиттен кабар бериши мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Боорду май басып кеткен учурда ичтин үстүнкү бөлүгү ооруп, адам бат чарчай баштайт. Көздүн челинин жашыл, күрөң тартып калышы да бул органдын жабыркаганынан кабар берет.