СИЗОдо жаткан киши ооруканага жеткирилген соң качып кетип, кайра кармалды

Жаран 2020-жылы жасалган кылмышка шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Өткөн түнү Бишкектеги Улуттук хирургиялык борборунан тергөө амалдары учурунда кармалып турган жаран качып кеткен.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, ал түн ортосунда Аламүдүн-1 кичи районунун аймагынан кармалган.
Өткөн түнү Бишкектеги Улуттук хирургиялык борборунан тергөө амалдары учурунда кармалып турган жаран качып кеткен
Сөз болуп жаткан шектүү 25 жашта. Ал 2020-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарынын тургунунан тишине брекет койдуруп берем деп 34,5 миң сом алган бойдон качып кеткен.
Жакында ал кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилген.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар шектүү ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, ал жерден качып кеткенин жазышкан.
Ысык-Көлдө ак илбирс менен күрөң аюуну аткандар кармалды