ФСБ Белгороддо кармалган диверсанттардын видеосун жарыялады

Колго түшүрүлгөндөрдүн бири темир жолдун буроолорун чыгарып, бекиткичтерин бошотууну, андан соң интернетке диверсия туурасында маалымат таратууну пландагандыгын айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Белгороддо кармалган диверсанттар аскердик эшелондор келе жаткан темир жол тармактарын жардырууну көздөшкөн. Бул туурасында РИА Новости Россия ФСБсы жарыялаган видеого таянып жазды.
Атайын кызмат мурда Белгород облусундагы транспорттук инфраструктуранын объектилеринде жардырууну көздөп, диверсия даярдаган россиялык эки адамды кармаганын кабарлаган.
"Украинада согуштук аракеттер башталгандан тарта биз антироссиялык позицияны ээлеп, Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнө каршы ыкмаларды иштей баштадык. Мен картадан аскердик эшелондор кайсы жерден өтөрүн издей баштадым. Андан сырткары, темир жол тармактарын жана аны кантип иштен чыгаруу ыкмаларын иликтедим", — деген кармалгандардын бири.
Анын айтымына караганда, "Миротворец" сайтына россиялык аскерлер тууралуу маалыматтарды жөнөтүп, Украинанын күч түзүмдөрүнө, тагыраагы, Украинанын Коопсуздук кызматына чыгуу жолун издеп, өзүнүн иштерин макулдашып алууга аракет кылган.
Кармалгандардын экинчиси темир жолдун буроолорун чыгарып, бекиткичтерин бошотууну, андан соң интернетке диверсия туурасында маалымат таратууну пландагандыгын айтып берди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Ошолордун кылыгы экени айныгыс". Украинадагы чагымдардын артында кимдер турат?