Арча-Бешик конушунда эки көчө оңдолуп жатат. Сүрөт

Мэрия оңдолуп жаткан көчөлөрдөгү мыйзамсыз курулуштар алынганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Ордо калаанын эки көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Ордо калаанын эки көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

2 / 2

Белгилүү болгондой, Арча-Бешик жаңы конушунда Эр-Тайлак жолу оңдолууда

Белгилүү болгондой, Арча-Бешик жаңы конушунда Эр-Тайлак жолу оңдолууда. Учурда жолдун эки жагына ирригациялык түтүктөр орнотулуп жатат.
"Ошол эле Арча-Бешик жаңы конушунда Садыбакасов көчөсү да жасалууда. Жолдун узундугу 1 700, туурасы 9 метр. Мында да жолдун эки жагына ирригациялык түтүктөр орнотулуп, тротуар салынат", — деп жазылат маалыматта.
Эки көчөдөгү оңдоо иштерин сентябрдын аягына чейин бүтүрүү пландалып жатканы айтылды. Мэрия аталган көчөлөрдөгү мыйзамсыз курулуштар алынганын кошумчалады.
Бишкектин кээ бир жолдору оңдоп-түзөө үчүн жабылды. Тизме