БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Чүй облусундагы Талды-Булак Сол жээк алтын кенин иштеткен "Алтын-Кен" ЖЧКсы мамлекетке келтирген 149 миллион 585 миң сом чыгымды кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жооптуу адамдары тарабынан тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схема аныкталган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратура Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мурдагы директору А.К. айып койгон. Ал "Алтын-Кен" ЖЧКсы жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алып тоо тектеринин калдыктары үчүн бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн азайтып келгени айтылды.
УКМК чыгымдын суммасын аныктап, ишкана ордун толтуруп бергени кабарланды.