Ысык-Көлдө ак илбирс менен күрөң аюуну аткандар кармалды

Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эки метрлик илбирсти атып салышкан. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Ак-Суу РИИБге айылдагы тургундардын бири үйүндө мыйзамсыз негизде курал сактап жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Буга байланыштуу Теплоключенко айылынын 37 жаштагы жашооочусунун үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада курал гана эмес, Кызыл китепке кирген жаныбардын териси менен баш сөөгү табылган.
Д.М. аттуу шектүү сурак учурунда жаныбарды анын таанышы өлтүрүп, териси менен баш сөөгүн убактылуу анын үйүнө таштап кеткенин билдирген. Кийин 48 жаштагы Б.Е. колго түшүрүлгөн. Ал илбирсти Ак-Суу районундагы сырт өрөөнүнөн атып өлтүргөнүн мойнуна алып, үйүнөн уруксат кагазы жок курал табылган.
Ал эми Сары-Жаз сырт өрөөнүнөн 47 жаштагы тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген күрөң аюулардын териси табылган.
Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, күрөң аюулардын териси кайдан чыкканын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.
Ысык-Көлгө жейрендер алып келинди. Сүрөт