Аталган уюм Айпери менен Улан-Батордогу Азия чемпионатында алтын медаль уткандан кийин маек курган.
Балбан кыз Токио Олимпиадасынан чоң сабак алганын айтып, мындан ары ката кетирбей турганын убадалады. Ошондон кийин машыктыруучулары менен жаңы тактикаларды иштеп чыгышканын белгиледи.
Айпери Медет кызы февраль айында Түркияда өткөн эл аралык турнирден алтын уткан, эки айдан кийин эле Азия чемпиондугун багындырды.
“Быйылкы жылды алтын менен баштадым, алтын менен аяктайм. Алдыда Азия биринчилиги болот, ошого даярдык көрөбүз. Былтыр акыркы мелдешти алтын менен жапкым келген. Бирок Ослодогу дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болуп калдым. Машыктыруучуларым “болду эми, токтот” дешкенине карабай Сербияга барып 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону болдум. Кыйналсам да баарына чыдадым”, — деди балбан кыз.
Ошондой эле Айпери күрөшкө келип калышына Айсулуу Тыныбекова стимул болгонун, ал жараткан ийгиликтерге жетүүгө умтуларын кошумчалады.
Тема боюнча: