Шаршембиге карата аба ырайы

Туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 27-апрелде республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 27-апрелде республика боюнча жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр төгөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14...+19, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл чөлкөмүндө +12...+17 жана Нарын аймагында +11...+16 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +17...+19, Ошто +20...+22 градуска жетет.
Керемет кооздук, укмуш! Ала-Тоонун таманындагы кызгалдактуу жерлердин 10 сүрөтү