Алайдын Сары-Ой жайлоосуна уникалдуу эс алуу борбору курулат. Эскиз

Эс алуу борборун жеке инвестор куруп, жергиликтүү бийлик инфраструктурасын карайт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Алай районунун Сары-Ой жайлоосунда уникалдуу эс алуу комплекси пайда болот. Бул туурасында акимчиликтен билдиришти.
1 / 3

Алай районунун Сары-Ой жайлоосунда уникалдуу эс алуу комплекси пайда болот

2 / 3

"Раян ресорт" деп аталган эс алуу борборун жеке инвесторлор куруп жатат

3 / 3

Азыркы учурда ал жерде коттедждер, ресторан жана конок үйлөрү салынууда.

Маалыматка ылайык, "Раян ресорт" деп аталган эс алуу борборун жеке инвесторлор куруп жатат. Азыркы учурда ал жерде коттедждер, ресторан жана конок үйлөрү салынууда. Курулуш иштерин майда аяктап, жай мезгилинин алгачкы күндөрү ачылуу аземи болору күтүлүүдө.
Район акими Каныбек Апбасов аталган жайга барып, инфраструктурасын жакшыртып берүүнү убадалаганы айтылды.
"Алай райондук акимчилиги №959 жол тейлөө ишканасына эс алуучу борборго карай кеткен жолду тазалоо, оңдоп-түзөө иштерин тапшырды. Ал эми Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан графиктин негизинде таштандыларды чыгаруу боюнча маселе чечилди", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Көлдүк айылындагы тоонун үстүндөгү көлгө жана Тулпар-Көл жайлоосуна туристтерди тартуу багытында иштер жасалып жатканы белгиленди.
Аны менен катар Ак-Төр жайлоосуна чакан ГЭС куруу боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Оштун эли ысыктан "качып" барат. Мээ сергиткен Сары-Ой жайлоосунан сүрөттөр