Кыргызстандын негизги импортеру Россияда суу май канчага кымбаттаары айтылды

Кыргызстан үчүн күн карама майынын эң ири импортеру — Россия.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Россияда күн карама майы күзгө чейин эң көп дегенде 10 пайызга гана кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу РФтин Май өндүрүүчүлөр бирикмесинин аткаруучу директору Михаил Мальцев Sputnik радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Украина Европаны өсүмдүк майы менен камсыздоочу №1 өлкө болгондуктан учурда көпчүлүк мамлекеттерде ал кымбаттап жатат.
"Абал ушул бойдон тура берсе баа мындан дагы көтөрүлөт. Анткен менен Россияда май жетиштүү. Ал тургай биз жалпы продукциябыздын үчтөн эки бөлүгүн экспорттойбуз. Албетте, баа көбүнесе доллар курсунан көз каранды. Бирок түшүм жыйнаган учурга чейин күн карама майы көп болсо 10 гана пайызга кымбаттайт деген божомол бар", — деди адис.
Эске салсак, Кыргызстан үчүн күн карама майынын эң ири импортеру — Россия. Мисалы, былтыр сырттан 39,4 миң тонна май импорттолсо, анын 28 миң тоннасы Россиядан келген.
Германияда электр энергиясынын артынан нан менен май да кымбаттады