Маматалиев: адашыпмын, регламентке сунушту Түлөбаев эмес, Түмөнбаев берген

Буга чейин Түлөбаев депутаттарды эки укугунан ажыратууну сунуштаган деп айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин регламентин карап жатканда адашып Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевди алмаштырып айтып алганын билдирди.
Бүгүн ал Түлөбаев регламентке ЖК депутаттарын Конституцияны өзгөртүү, министрлер кабинетинин республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетун угуу укугунан ажыратууну сунуштаганын маалымдаган.
Жыйындын соңунда Маматалиев адашып айтып алганын, чынында андай сунушту Түмөнбаев бергенин белгиледи. Мындан улам ал ЖМК өкүлдөрүнөн маалыматка тастыктоо киргизип коюуну өтүндү.
Жаңы регламент: депутаттарга бармак изи менен гана добуш берүү сунушталды