Парламент Конституцияны өзгөртпөсүн, бюджеттин отчетун албасын. Түлөбаевдин сунушу

Тармактык комитет Түлөбаевдин сунушун талкуусуз эле четке какты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын Конституцияны өзгөртүү, министрлер кабинетинин отчетун угуу укугунан ажыратууну сунуштаганы белгилүү болду.
Бул туурасында тармактык комитетте Жогорку Кеңештин жаңы регламенти каралып жаткан учурда депутат Марлен Маматалиев билдирди.
"Депутат Балбак Түлөбаев регламентке "парламент Конституцияны өзгөртпөйт, министрлер кабинетинин республикалык бюджет боюнча отчетун укпайт" деп киргизүүнү сунуштады. Бирок бул норма Конституцияда каралгандыктан киргизе албайбыз", — деди Маматалиев.
Жыйынтыгында тармактык комитет Түлөбаевдин сунушун четке какты.
Бирок кийинчерээк Маматалиев адашып калганын, жогорудагы сунушту Балбак Түлөбаев эмес, Акылбек Түмөнбаев айтканын белгиледи.
Белгилей кетсек, Баш мыйзамдын 80-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө министрлер кабинетинин ар жылдык отчётун угууга укуктуу.
Жаңы регламент: депутаттарга бармак изи менен гана добуш берүү сунушталды