БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 2022-2025-жылдарга карата адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программа кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол коюп, иш-чаралар планы бекитилди.
Программа мамлекеттик органдардын коомдук жана эл аралык уюмдар менен ишин илгерилетүү менен жабыр тарткан адамдардын укуктарын коргоого багытталган.
Кабыл алынган программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
адам сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук жактан регламенттештирүү;
адам сатууну алдын алуу;
адам сатууга күнөөлүүлөргө бөгөт коюу жана кылмыш куугунтугуна алуу;
адам сатуунун курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү;
адам сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк, кызматташтык жана ишти координациялоо.