Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров Украинадагы чатактын эмне менен бүтөрүн айтты

Министр ири алдыда украин эли кандай жашаш керектигин өздөрү чечишин каалай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Украинадагы чатак кепке келүү менен аяктайт, бирок келишим түзүп жатканда анын параметрлери аскердик аракеттердин стадиясы менен аныкталат. Бул туурасында РИА Новости РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавровдун айткандарына таянып жазды.
"Курал колдонулган учурда кандай гана кырдаал болбосун келишим менен аяктайт. Бирок анын параметрлери келишим реалдуу боло турган аскердик аракеттердин ошол стадиясы менен аныкталат ", — деген министр "Биринчи каналдын" "Большая игра" программасында сүйлөп жатып.
Ал украин эли мындан ары кандай жашаш керектигин өздөрү тандап алганы маанилүү деген.
"Путин билдирүүсүндө башынан эле атайын операция деп жарыялагандай, ири алдыда украин эли кандай жашаш керектигин өзү чечишин каалайбыз", — деген Лавров.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, 25-мартта негизги тапшырманын биринчи этабын аткаргандыгын, тагыраагы, Украинанын согуштук мүмкүнчүлүгүн азайткандыгын билдирген. Алар башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи: Батыш Украинаны Россияга сокку урган күч катары колдонууда